ЖАБГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАБГУ, йавгу – 1) байыркы Түрк каган­дыгында колдонулган жогорку наамдардын бири. Махмуд Кашгари боюнча хандан (кара:Каган) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Байыркы Кытай тарыхый даректеринде «шеху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: Кушан падышалыгы) мезгилинде колдонулган. Баштап­кы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, баш­каруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак­кушандарда ат атооч катары колдонулуп, ки­йин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бу­мын кагандын мезгилинде Батыш Түрк каган­дыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. Бийликтин жогорку бас­кычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандары­нан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) Барскандын жанындагы шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө ал шаарга жакын жердеги ашуу да «Йавгу арт» деп аталган.

Ад.: Бернштам А. Н. Социально-экономической строй орхоно-енисейских тюрок VI–VIII веков. М.; Л., 1946; Малов С. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964.

Т. Жуманалиев.