ЖАБГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАБГУ, йавгу – 1) байыркы Түрк каган­дыгында (кара: Улуу Түрк кагандыгы) колдонулган жогорку наамдардын бири. Байыркы Кытай тарыхый даректеринде «шеху, еху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: Кушан падышалыгы) мезгилинде колдонулган. Баштап­кы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, баш­каруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак­-кушандарда ат атооч катары колдонулуп, ки­йин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бу­мын кагандын мезгилинде Батыш Түрк каган­дыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. 618-жылы Тун-жабгу каган (618–630) башында турган түрктөр Сасаниддерди жеңгенден кийин өзүнүн улуу уулу Тарду-шадды Тохарстанга (кара: Кушан падышалыгы, Тохарлар) жабгу (йабгу, yabgu) кылып дайындаган жана ал жерди 27 аймакка бөлүп, алардын башкаруучуларын бир Жабгуга б. а. түрк каганына баш ийдирген. 630-жылы Орто Азияга келген Сюань Цзандын маалыматында түрктөрдүн каганы Еху-кэхан (Йабгу-каган) деп аталган. Махмуд Кашгари боюнча хандан (кара: Каган) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Бийликтин жогорку бас­кычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандары­нан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) «Йавгу» Барскандын жанындагы бир шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө (Диван лугат ит-түрк) ал шаарга жакын жердеги ашуу дагы «Йавгу арт» деп аталган.

Ад.: Julien S. Memoires sur les contrees accidentales. Traduites du Sanskrit en chinois en l'an 068 par Hiouen Thsang. Paris, 1857-1858, Т. 2; Chavannes E. Documents sur les Tou-Kiue (Turks) occidentaux. /Сборник трудов Орхонской экспедиции, вып. 6. СПб., 1903; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Махмуд ал-Кашгари. Диван Лугат ат-Турк (ДЛТ). /Пер., предисл. и коммент. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005.

Т. Жуманалиев.