БАРСКАН
БАРСКАН т е х н и к а д а – согуучу бөлүгү м-н металл сомдомону формага келтирүүчү урма машина. Ал ийлөөчү, калыӊ ж-а жука такталар үчүн мөөрлөөчү болуп айырмаланат. Кыймылга келтиргичтери б-ча: б у у-а б а Б. – буу же кысылган абанын жардамы м-н; ж е л Б. – жумушчу ж-а көөрүктүк (компрессордук) бышкектер (поршендер) ортосундагы боштуктун ж-а кысылган абанын жардамы м-н кыймылдоочу; м е х а н и к а л ы к – кыймылдуу бөлүктөрү кыймылдаткыч м-н мех. байланышкан; г и д р а в л и к а л ы к – кыймылдуу бөлүктөрү жогорку басымдагы суюктук аркылуу кыймылга келүүчү ж. б. болуп бөлүнөт. Иштөө ыкмасы б-ча: ж ө н ө к ө й ж-а к о ш а р а к е т т ү ү болуп айырмаланат. Кинематикалык байланыштагы 2 токмогу (баба) бар дөшүсүз Б. да болот, алар бири бирин көздөй бирдей ылдамдыкта кыймылга келгендиктен, урунушуудан пайда болгон энергия пайдубалга берилбейт. Кийинки мезгилде ж о г о р к у ы л д а м д ы к т а г ы Б. (токмогунун ылдамдыгы 3–6 м/сеядан 25 м/секга жетет) кеӊири колдонулууда.