БАРХАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРХАНДАР – рельефтин кумдуу чөлдөрдөгү формасы; жыӊалач эшилме кум дөбөлөр. Шамал кумду учуруп чогултушунан пайда болот. Жарым ай же орок сымал түзүлүштө болуп, айдарым капталдары айдөөш (5–14°) ж-а узун, шамалга ыктоо (ийилген) жагы тик (30°ка чейин) ж-а кыска келип, учтуу «мүйүзгө» окшоп кетет. Бийикт. 150 мге чейин. Оошуу ылдамдыгы жылына 100 мдей. Жылаӊач кумдуу чөлдөр да жалпысынан Б. деп аталат.

Кумдуу чөлдөгү бархан.