БАРЫМТА
БАРЫМТА – өткөн доорлордогу кыргыз, казак, башкырт ж.б. көчмөн элдерде жоолашкан уруулардын өз ара доосу үчүн кармалып калган адам, мал, мүлк. Б. кыргыздын салттуу турмушунда орун алган уруулар, уруу бирикмелеринин ортосундагы араздашууларды чечүүнүн каражаттарынын бири болгон. Б-нын себеби ар түрдүү – өч алуу, жайыт талашуу ж. б. Кээде чоӊ уруш чыгарууну көздөшүп, бир уруунун мүчөлөрү 2-уруунун мүчөлөрүн атайы Б-лаган. 18–19-к-да өз ара Б-чылык күч алып, элге бир топ бүлүк салган, айылдар талоонго учурап, мал кырылган. Анткени Б-га келген мал эсепсиз союлуп, сатылган. Б-чылар, өзгөчө жылкы тийген. Ошондуктан жылкыны Б-чыларга сокку бере ала турган эр жүрөк адамдар кайтарышкан.