БАСМА СӨЗ АГЕНТЧИЛИГИ
БАСМА СӨЗ АГЕНТЧИЛИГИ – гезит-журналдарды, телекөрсөтүүнү, радиоберүүнү, китеп басмаларын, өкмөттүк мекеме, саясий партияларды, коомдук уюмдарды ж-а жеке керектөөчүлөрдү маалыматтар м-н камсыз кылып туруучу уюм. Б. а. мезгилдүү басмасөздүн өнүгүшүнө байланыштуу 17-к-да пайда болгон. 19-к-дын 1-жарымында Б. а-нин бир бөлүгү «Телеграф агентчилиги» деген наам алган. 1935-ж. Ш. Гавас Францияда гезиттерди маалымат м-н камсыз кылуучу атайын бюро уюштуруп, ал «Гавас агентчилиги» деген ат м-н жүз жыл бою иштеп турган. Анын кызматкерлери Б. Вольф Берлинде «Вольфтун телеграф бюросун» (1849), П. Рейтер Лондондо бүгүнкү күнгө чейин иштеп келаткан «Рейтер» агентчилигин (1851) негиздеген. Россияда алгачкы Орус телеграф агентчилиги (РТА) 1866-ж. түзүлгөн. 1918-ж. Россия телеграф агентчилиги (РОСТА) уюштурулуп, кийин 1925-ж. Советтер Союзунун телеграф агентчилигине (ТАСС) айланган. Мындай уюмдар мурдагы бардык союздук респ-ларда иштеп турган. Кырг-нда ал КырТАГ (1937), «Кыргызкабар» (1992) деп аталган. Учурда «Кабар» (1995), «АКИПресс», «Интерньюс» ж. б. маалымат агентчиликтери иштеп жатат. Алар басма сөз органдарын маалымат ж-а алдынала даярдалган макала, очерк, баяндама, репортаж, фотоматериалдар м-н камсыз кылат.