БАСМАЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСМАЧЫЛЫК – О. Азияда 1918–30-ж. Совет бийлигине каршы чыккан кыймыл. 1917-ж. 1-ноябрда Түркстан крайынын борбору Ташкентте Совет бийлиги орногон. 15–22-ноябрда Түркстан Советтеринин 3-съездинде аймактагы алгачкы Совет өкмөтү курамы 15 кишиден турган (7 большевик, 8 солчул эсерлер) Эл комиссарлар совети (ЭКС) түзүлгөн. Өкмөттүн курамына жерг. элдин бир да өкүлү кирген эмес. Бул большевиктердин эӊ чоӊ саясий катачылыгы болгон. 1917-ж. 2-декабрда кабыл алынган «Россия элдеринин укуктарынын декларациясындагы» бардык элдердин теӊ укуктуулугу ж-а суверендүүлүгү, алардын өз тагдырын өздөрү эркин чечүүгө, өзүнчө бөлүнүп, өз алдынча мамлекет түзүүгө укуктуулугу тууралуу жоболордун негизинде Түркстандын улуттук ж-а диний партиялары («Шура-и Ислам», «Алаш», «Шура-и-Улеми») аймакка автономия статусун берүү м-н акырындап, Сов. Россиядан чыгарууну көздөшкөн. Ушундай максат м-н жалпы мусулмандардын 4-курултайы (12–16-ноябрь, 1917-ж.) М. Тынышпаев, кийин М. Чокоев башында турган Кокон автономиялуу өкмөтүн (өкмөткө М. Тынышпаев ж-а М. Чокоев мүчө болгон) түзгөн. Натыйжада Түркстанда кош бийлик орнойт: биринчиси – большевиктер башында турган Ташкенттеги Совет өкмөтү, экинчиси – жерг. ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн ж-а «Шура-и Ислам», «Алаш» ж.б. партияларынын мүчөлөрүнөн турган Кокон автономиясы. Аймакта күндөн-күнгө Кокон автономиясынын кадыр-баркы жогорулап, жерг. элдин колдоосуна ээ болот. Түркстан Крайлык Советинин 4-съезди Кокон автономиясын мыйзамсыз деп эсептеп, анын өкмөт мүчөлөрүн 1918-ж. февралда камакка алышат. Милициянын начальниги Эргеш башында турган Кокон автономиясынын аскерлери Кокондон качууга аргасыз болушат. Большевиктик партиянын ж-а Совет өкмөтүнүн динге каршы жаӊылыш саясаты, оокаттуу адамдарды куугунтукташы элдин кыжырлануусун күчөткөн. Мындан тышкары ачарчылык, жумушсуздук, о. эле ЭКС тарабынан Түркстан аймагында шарият мыйзамдарын жокко чыгарылышы кыймылдын күч алышына өбөлгө болот. Түш. Кырг-нга кеӊири жайылган Б. кыймылын Калкожо, Мадамин бек, Мойдун бек, Эргеш, Рахманкул, Көршермат, Аман палван ж.б. кор башылар жетектеген. 1918-ж. жаз айларында Ош ш-нын аймагында кыймыл күч ала баштаган. Күзүндө Фергананын чыгышын Мадамин бектин тобу каратып алган. 1919-ж. августта «Түркстан мусулман ак гвардиясынын» башчысы Мадамин бек Түш. Кыр-ндагы армиянын командачысы К. Монстров м-н Совет бийлигине каршы биргелешип күрөшүү тууралуу согуштук-саясий макулдашуу түзүшөт. 1919-ж. сентябрь-октябрь айларында алардын бириккен куралдуу күчтөрү Ош, Жалал-Абадды басып алышып, Анжиянды бөлүп салышат. Ошол эле жылы Фергананын «Убактылуу өкмөтүн» түзүшөт. Анын курамына өкмөт башчысы ж-а аскер башчы катары – Мадамин бек, орун басары – Монстров, генерал Муханов (аскер министри), адвокат Ненсберг (ички иштер министри) ж. б. кирген. Мадамин бек басмачыларды бириктирүү максатында Айым кыштагында ири кошуундардын башчылары – Калкожо, Көршермат, Эргеш ж. б. башын кошуп, жыйын өткөрөт. Жыйында Мадамин бекти хан шайлашат. Аларды куралдандырууга англ. өкмөттүн дипл. тобунун башчысы Ф. Бейли, Ташкенттеги Америка консулу Р. Тредуэлл ж. б. активдүү катышкан. Жерг. калк «Түркстанга Россия большевиктеринен эркиндик», «Түркстан – түркстандыктарга» ж. б. чакырыктар м-н чыгып, басмачылардын катарын толуктай башташкан. Фергана өрөөнүндөгү татаал кырдаалга байланыштуу Түркстан Респ-нын Рев-ялык Совети РСФСР БАКка жардам көрсөтүү тууралуу өтүнүчү м-н кайрылат. Ал эми жерг. парт. ж-а сов. органдар тарабынан бардык чаралар көрүлүп, үгүт-насаат иштерин жүргүзүү максатында Түркстан компартиясынын мусулман бюросунун кызматкерлери да кирген атайын комиссия түзүлгөн. Партиянын мүчөлөрүн (мусулмандарды) тез арада куралдандырып, алардан кошуундарды уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынган. Бул учурда басмачылык кошуундар Мадамин бек кор башыга гана баш ийип, көптөгөн шаар-кыштактарды каратып алышкан. Совет бийлигин сактап калуу үчүн 1919-ж. 19-августта Түркстан фронту (командачасы М. В. Фрунзе) түзүлгөн. Мындан тышкары Москвадан Түркстан иштери б-ча өкмөттүк комиссия (Түрккомиссия) жиберилген. Анын курамына тажрыйбалуу парт. жетекчилер: Ш. З. Элиава, М. В. Фрунзе, В. В. Куйбышев, Я. Э. Рудзутак ж. б. кирген. Түрккомиссиянын иш-аракеттери Совет бийлигин чыӊдоо, О. Азия м-н Сов. Россиянын союзун бекемдөө, улут саясатын туура жүргүзүү, б. а. Түркстан большевиктеринин кетирген кемчиликтерин жоюуга багытталган. 1920-ж. февралда М. В. Фрунзенин буйругу м-н Жети-Суудагы кыргыз, казактардан Өзүнчө кыргыз атчандар бригадасы түзүлгөн. Буга чейин 1919-ж. декабрда Токмок уездинде М. Масанчи командалык кылган дуӊган атчандар полку уюштурулган. Наманган уездинде А. Осмонбеков кыргыздардан турган отряд түзгөн. Бардык ири калктуу пункттарда жерг. элдерден ыктыярдуу отряддар, коргонуу отряддары, милиция куралган. Түркстандагы сов. органдардын ишин мүнөздөөдө М. В. Фрунзе мындай деп жазган: «Басмачылар жөн гана каракчылар эмес, эгерде андай болсо, алар эбак эле талкаланмак. Б-тын негизги күчүн мурдагы бийликке таарынычы бар, эч жерден колдоо ала албаган жүздөгөн, миӊдеген адамдар түзөт. Аларды мусулман калкы колдойт». М. В. Фрунзе Кызыл Армиянын аскерлеринен Фергананын ар бир айыл-кыштагына жардам көрсөтүүнү, жерг. калктын ишенимине ээ болууну талап кылган. Кайрадан казы сотторун киргизген, вакуфтарды кайтарган. Б. кыймылдын башталышында басмачыларды өз жердештери азык-түлүк м-н камсыздаса, бара-бара мындай жыйымдар элге кыйынчылык туудуруп, нааразычылыктарды пайда кылган. Басмачылар алгач коӊшуларын, б. а. өзбек басмачылар кыргыздарды тоносо, алар өз кезегинде өзбектерди, кийин көп учурда өз уруулаштарынан тартып алып, аларга ырайымсыздык м-н зулумдук көрсөтүшкөн. 1919-ж-дын аяк ченинде Б. кыймыл улуттук-боштондук күрөштөн граждандык согушка айланат. Б. топтору кээде Кызыл Армия м-н убактылуу союз, келишим түзүшүп, өз ара согуша башташат. Кийинчерээк Кызыл Армиянын бийлигинин катарына Б. кошуундар башчылары м-н өтө баштап, алардын өтүнүчү м-н кайрадан коммунисттер, кызыл армиячылар м-н толукталган отряддар багынбай жаткан басмачыларга каршы жөнөтүлгөн. Мис., 1920-ж-дын башында өз эрки м-н багынып берген Мадамин бек ж-а Монстровдун адамдарынан М. В. Фрунзенин макулдугу м-н Көршермат, Муэтдин ж-а Рахманкул кор башылардын кошуундарын талкалоо үчүн отряддар түзүлгөн. Фергана өрөөнүндөгү талкаланган басмачылардын кошуундары Алай, Памирден орун алып, бул жерден парт. советтик кызматкерлерди өлтүрүп, айыл-кыштактарга кол салып турушкан. 1922-ж. Ферганада ири аскердик күчтөр топтолгон, айрыкча В. И. Лениндин көрсөтмөсү м-н татар бригадасынын (командири Ибрагимов) келиши чоӊ мааниге ээ болгон. О. эле 1920-ж. Москвадан жиберилген РКП(б) ж-а ББАКтын «Кызыл Чыгыш» үгүт-насаат поезди м-н О. Азияга жер-жерлерде ишти уюштурууга жардам берүү максатында ЭКСтин инструкторлору келген. Ушул мезгилде басмачылар биринин артынан бири жеӊилип, аларга колдоо көрсөткөндөн баш тарткан элди кырып, зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Согуштан тажаган эл Кызыл Армиянын катарына өтө башташкан. 1920-ж. 5-майда М. В. Фрунзе Кызыл Армияга жерг. элден 19–35 жаштагыларды мобилизациялоо (О. Азия элдеринин тарыхындагы биринчи мобилизация) тууралуу буйрук чыгарган. Ошол эле жылы Кыргыз дивизиону түзүлгөн ж-а анын командири болуп С. Күчүков дайындалган. «Кызыл кыргыз милициясы», Ош уездинде Кадырбек Камчыбековдун, Наманган уездинде Арстанаалы Осмонбековдун отряддары уюштурулуп, алар армиянын катарында өзгөчө дайындалган куралдуу бөлүк катары салгылашкан. Басмачылардын калган майда бөлүктөрүн жок кылууда Кызыл Армия негизинен милиция отряддарын пайдаланган. Мис., Алай өрөөнүнө жиберилген курамына 80 аскер, 300 милиционер кирген отряд 36 күндүн ичинде өрөөндү басмачылардан бошотуп, Көршерматтын бир тууганы Орозмат, Манап паӊсат, Токтомат, Ашырбек паӊсат ж-а 51 басмачы колго түшкөн. 1921-ж. Муэтдин, Ташмат, Казакбай, Исламкул башчылык кылган Б. кошуундар талкаланып, көпчүлүгү колго түшкөн. Ошол эле жылы Бухарага Түркиянын мурдагы министри Энвер паша келип, чачыранды басмачы кошуундарын армияга бириктирген ж-а мусулман калктарынан бирдиктүү мамлекет куруу чакырыгы м-н чыккан. 1922-ж. жазында ал Бухара Сов. Эл Респ-нын бир топ аймагын басып алган. Кызыл Армия тарабынан июнь айында Энвердин аскерлерине катуу сокку берилип, июлда Дүйшөмбү ш. бошотулган, август айында салгылашуулардын биринде Энвер каза тапкан. Бухара ш-ндагы Ибрагим бектин (4 миӊдей адам), Хорезмдеги Жунаид хандын кошууну бир топко чейин каршылык көрсөтүүсүн улантышып, 1924–26-ж. гана толугу м-н жок кылынган. Басмачылардын чет өлкөгө качып кеткен топтору 1929-ж-дын аягы – 30-ж-дын башында кайрадан киришип, О. Азиядагы а. ч-н коллективдештирүүгө тоскоол кылууга аракеттенишкен. Бирок, алардын бул максаты ишке ашпай, Совет бийлиги тарабынан талкаланган.
Ад.: Бай-мирза Хаит. Басмаческое движение. 1922; История Киргизской ССР. Т. 2, Ф., 1967; Фрунзе М. В. Избранные произведения. М., 1951. Великая Октябрская революция и гражданская война в Киргизии (1917–1920). Документы и материалы. Ф., 1957; Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового исторического осмысления. Б., 1992.
С. Бегалиев, А. Кубатова.