БАСОВ Станислав Александрович
БА́СОВ Станислав Александрович (25. 8. 1940-ж. т., Барнаул) – техника илимд. доктору (1986), проф. (1989), Кыргыз ССРинин илим ж-а тех. б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1976), КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1991). Томск политехникалык ин-тун (1962), Фрунзедеги политехникалык ин-тунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын Автоматика ин-тунда лаборатория башчы (1969–92) болуп иштеген. Б-дун катышуусу м-н жасалган ойлоп табууларга Швеция, ФРГ, Франция, Япония ж. б. өлкөлөрдүн патенттери берилген. Ил. эмгектери негизинен тоо кен өнөр жайында, курулуш тармагында колдонулуучу гидравликалык бургулоочу машинанын констр-сын түзүүгө, алардын динамикалык процесстерин изилдөөгө арналган. 200дөн ашуун ил. эмгеги, 20га жакын монографиясы жарык көргөн.