БАСРА
БА́СРА, Б а с с о р а – Ирак Респ-нын түш.-чыгышындагы шаар. Калкы 1,3 млн (2018). Шатт-эль-Араб д-ндагы ири порт. Темир жол ж-а автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Нефть казып алуунун ж-а ажыратуунун борбору. Химия, текстиль өнөр жайы, ун-т иштейт. Б-ны 637–38-ж. халиф Омар негиздеген. 8–9-к-да Араб халифатынын маданий ж-а экон. борбору болгон. 1258-ж. монголдор тарабынан талкаланган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Ирактын карамагына өткөн. Эски Б-нын урандылары сакталган.