БАТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТА – 1) Курандын биринчи сүрөөсүнүн аты; 2) алкыш, ак тилек, каалоо. Кыргыздарда Б-га ишеним байыркы доордон эле калыптанган. Аларда ар бир нерсенин ээси болот деген түшүнүк болуп, Б-да табияттын, кубулуштардын ээлеринен, пирлеринен (жараткан, теӊир, Кыдыр ата, Умай эне, Дөөтү ж. б. ), ата-бабалардын арбагынан, колдоочулардан (Мухаммед, Ильяс, Сулайман, Батма-Зуура, Азирет ж. б. пайгамбарлар) көмөк, колдоо суранган өтүнүчү айтылат. Б-га болгон ишеним «бата – сөздүн атасы», «атаӊдан бото калбасын, бата калсын» сыяктуу калк арасында айтылып жүргөн макалдардан байкалат. Кыргыздын салттуу турмушундагы бала тарбиялоодо анын орду омоктуу. Ымыркай кезинен эр жеткенге чейин берилүүчү ак Б-лар баланын зээнине сиӊип, эл берген Б-дагы адамдык сапаттарга (ата-энеӊди сыйла, эл керегине жараган адам бол ж. б.) ээ болууга аракеттенишип, жаштайынан тарбияланган. Айрым учурларда жаман жорукту таштабай турган адамдардын ичинде «батамды берейин» деген сөздү укканда нээтинен кайткандар болгон.

Б-ны журт ичинде кадыр-барктуу, нускалуу даанышман карыялар, эл акылмандары, көсөмдөр беришкен. Алардан Б. алуу үчүн атайын алыстан ат арытып келгендер болгон. Жалпы элдин Б-сы касиеттүү ыйык саналып, азыркы учурда да кээде эл чакырып, Б. суралат. Анын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жаткан түрлөрү өтө көп. Мис., дасторконго Б., үйлөнүү тойго Б., жаӊы өргөө, үйгө Б., уулга Б., күйөөгө узатчу кызга Б., ал турсун колго суу куйган балага Б. ж. б. Кыргыз турмушунда о. эле тетири Б. (каргыш) деген да болгон. Аны ууру-кескилерге, журт бузарларга, чыккынчыларга ж. б. багытташкан. Айрым кылычтын мизинен да коркпогон жанкечтилер тетири Б-дан коркуп, өзүн ак жолго салган.