БАТЫРКАНОВ Жээнбек Мамбетович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫРКАНОВ Жээнбек Мамбетович (5. 2. 1939-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну‚ Үч-Кайнар айылы) – экономист, экономика илимд. доктору (1991)‚ проф. (1992). КРдин эмг. сиӊ. экономисти (2000). КМУну бүтүргөн (1964). 1957–59-ж. Ак-Суу р-нунун Кызыл-Туу колхозунда тракторчу-комбайнёр, 1964–67-ж. Ак-Талаа р-нунда колхоздун башкы экономисти, 1967–68-ж. ошол эле райондун а. ч. башкармасынын пландоо-эсеп бөлүмүнүн башчысы, 1969–76-ж. Кыргыз ССР Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы, 1976–77-ж. Кыргыз айыл чарба ин-тунда доцент, 1978-жылдан кафедра башчысы, бир эле учурда 1978–84-ж. экономика ф-тинин деканы, 1984–92-ж. ин-тта проректор, 1992–95-ж. КРдин Айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы‚ КАУда доцент‚ кафедра башчысы‚ декан‚ проректор‚ 1995-жылдан КРCУда, 1998-жылдан КГУСТАда кафедра башчысы. Чарба экономикасы ж-а менежмент б-ча адис. А. ч. өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу б-ча 60тан ашуун ил. Иштери (а. и. 2 монография) жарык көргөн. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Проблемы повышения эффективности управления сельским хозяйством на этапе перестройки экономических отношений на селе. Новосибирск, 1991; Основы предпринимательства. Б., 1997.