БАТЫРКУЛОВ
БАТЫРКУЛОВ Бекмурза (6. 4. 1930-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Кара-Жыгач айылы) – педагог, КРдин эл мугалими (2003). Жалал-Абаддагы мугалимдерди даярдоо курсун, КМУнун кыргыз филологиясы ф-тин бүтүргөн. 1965-жылдан Токтогул р-нунун мектептеринде иштеген. Б. көп жылдык педагогдук эмгегинде эксперименттерди үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, окуучулардын практикалык машыгууларын өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурган. Сабактын салттуу формасын чыг-лык м-н өркүндөтүп, анын стандарттуу эмес формаларын практикага киргизген. «Сабак сахна», «Сабак жомок» деп аталган сабактарда драмалык ж-а эпостук чыгармаларды пайдалануу м-н окутуунун ыӊгайлуу жолдорун жүзөгө ашырууда өзүнүн ил.-методикалык жаӊыча жолун тапкан. Учурда бул ыкма улуттук педагогиканын теор. жактан толукталышында, окутуунун методдорунун өркүндөөсүндө жалпынын үлүшүнө айланган.
