БАФФИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́ФФИН Уильям (1584 – 23. 1. 1622, Ормуз, учурда Иран) – англ. уюл изилдөөчү. 1612–16-ж. штурман катары сүзүп, Түн. Батыш өткөөлдү (Байлоттун жетекчилиги астында) издөөгө катышкан. 1615-ж. Гудзон булуӊун, 1616-ж. Гренландиядан батыштагы деӊизди (кийин Б-дин ысымынан аталган) изилдеген. Хейс ж. а-н (Гренландия), Канадалык Арктика архипелагындагы Элсмир, Девон а-нын көп бөлүгүн ачкан. Индияга болгон 2-саякатында Персияда каза болгон. Түн.-Батыш өткөөлдү издөө 200 жылдан кийин гана кайталанган. Архипелагдагы бир арал, Түн. Муз океандагы деӊиз Б-дин урматына аталган.