БАХАИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАХАИ́ЗМ, б е х а и з м – диний-саясий агым. Шииттик исламдан келип чыккан. 19-к-дын 40-ж-нда Иранда Мирза Хусейин Али Нури (1817–1892) тарабынан негизделген. Ал өзүн Баха-Улла [(Кудайдын жарыгы) деп жарыялап, пайгамбарлардын тогузунчусумун (Кришна, Авраам (Ибрагим), Заратуштра, Моисей (Муса), Будда, Иисус Христос (Иса), Мухаммедден кийинкисимин ж-а бабиддер кыймылынын негиздөөчүсүмүн)] деп эсептеген. Аны жолдоочуларды бахаисттер деп аташат. Б-дин диний окуусу исламдын (бабизм формасындагы) ж-а христианчылыктын догмалык эрежелеринин синтези, о. эле зороастризмдин, буддизмдин, кришнаизмдин, конфуцианчылыктын ж-а даосизмдин айрым догмаларын кабыл алган. Алардын пикири б-ча бардык диндер жалпы идеяны камтыйт ж-а кудайга алып барат, бирок ага жетиш үчүн дүйнөлүк диндер Б-ге биригиши зарыл. Адегенде аларды жок жышаандардан, керексиз ырым-жырымдардан тазалаш керек – деген идеяны айтат. Мында христианчылыктын үчилтик догмалары ж-а Иисус Христостун касиеттери таптакыр четке кагылат. Алар Кудай шайтандарды жаратышы мүмкүн эмес, ошондуктан кара ниет, арамдыктын болушу жакшылыктын жоктугу деп эсептешкен. Коркунучтуу Сотко ж-а өлгөндөрдүн кайра тирилишине ишенет, бирок Иисус Христостун кайра жаралышын ж-а анын экинчи келишин, о. эле Библия ж-дөгү христиандык догматтарга, жазыксыз бойго бүтүүнү ж-а күнөөдөн арылууну танышат. Исламдын көп жоболору, мусулманчылыктын беш парзы: бир кудайга сыйынуу, намаз окуу, орозо кармоо, садака-зекет берүү, ажыга (Мекеге) баруу – четке кагылат. Бахаисттер дин илимге каршы турбашы керек ж-а адам эвол. процесс аркылуу, жер табигый жол м-н пайда болгон деп далилдөөгө аракеттенишет. Дүйнө жүзүндө 6 млндой бахаисттер бар, алардын борборлору 200дөн ашык өлкөдө жайгашкан. Басымдуу көпчүлүгү Индияда, о. эле Иран, Вьетнам, Филиппин, Өзбекстан, Пакистан, аз сандагы тарапкерлери Кырг-нда да бар.
Б. Солтонбеков.