БАХЧИСАРАЙ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАХЧИСАРАЙ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1681) – Россия м-н Түркия ж-а Крым хандыгынын ортосунда түзүлгөн убактылуу тынчтык келишими. 1680-ж. 26-августта Россиянын Польшадагы резиденти В. М. Тяпкин, дьяк Н. М. Зотов, украиналык катчы С. Ракович Крымга элчиликке жиберилип, 1681-ж. 13-январда Бахчисарайда 20 жылдык тынчтык келишими түзүлгөн. Анын шартында Россия м-н Түркиянын чек арасы Днепр д. б-ча өткөн; Киев, Васильков, Триполье ш., Дедовщина ж-а Радомышль жерлери Россияга калган. Сол жээк Украина м-н Киевдин Россияга кошулушун ж-а запорожьелик казактардын Россия букарасы болушун Түркия тааныган. Буг м-н Днепрдин ортосунда бейтарап зона түзүлгөн. Крым татарлары Днепр ж. б. өзөндөрдүн жээктериндеги талааларда көчүп жүрүү ж-а аӊчылык кылуу үчүн укук алышкан; казактар ж. б. орус калкы Днепрде ж-а анын куймаларында балык кармоого, туз алууга, аӊчылыкка ж-а Днепрден Кара деӊизге чейин эркин сүзүүгө укук алышкан.