БАШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ – адам ж-а жаныбарлардын денесинин жогорку же алдыӊкы бөлүгү. Анда борб. нерв системасы, сезүү органдары, тамак сиӊирүү, дем алуу системаларынын алдыӊкы бөлүктөрү жайгашкан. Б-тын жайгашуусу м-н кыймылы ар бир класстагы жаныбарларда түрдүүчө. Балыктар, жерде-сууда жашоочуларда – кыймылсыз, ал эми сүт эмүүчүлөрдө, канаттууларда, сойлоочуларда моюн омурткалары болгондуктан, кыймылдуу келип, туш-тарабын кароого (киттен башкасы) жөндөмдүү. Көпчүлүк курттарда б а ш б ө л ү к деп аталат, анткени башы тулкусунан бөлүнбөйт. Адамдын Б-ы башка жаныбарлардыкынан айырмаланып өзгөчө өөрчүгөн кыймылдуу биринчи моюн омурткасы (атлант) м-н бириккен.