БАШАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШАТ булактын синоними. Бирок, геогр. түшүнүк катары анын эки мааниси бар: 1) таштуу кургак жерден чыккан булак же «ташбулак». Мындай булактардын суусу көбүнчө чыккан жеринен алыска жетпей жерге сиӊип кетет; 2) суу башы, дарыянын башталган жери. «Башат» Кырг-ндын аймагындагы топонимдердин бир компоненти катары көп учурайт: Ак-Башат, Таш-Башат, Улар-Башат, Шоро-Башат ж. б.