БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ – эл чарбасынын түрдүү тармактарында башкаруу маселелерин чечүүдө матем. ыкмаларды, автоматтык түзүлмөлөрдү ж-а эсептөө техникасын колдонуу. Ал өндүрүштү пландоону, аны оперативдүү башкаруу м-н башкаруунун бардык органдарынын аракетин бири бирине шайкеш жүргүзүүнү камсыз кылат. Анын ил. негизи – эл чарбасын башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, башкаруунун оптималдуу системаларын синтездөө ыкмаларын изилдөөчү ж-а экон. милдеттерди чечүүдө матем. ыкмаларды колдонуу маселелерин үйрөнүүчү экон. кибернетика. Эл чарбасын ж-а анын ар бир бөлүгүн автоматташтырылган башкаруунун бирдиктүү системасында адам м-н киберн. машинанын өз ара аракеттеринин методологиясы ж-а ачык-айкын маселелерин чечүү анын негизги проблемасы болуп саналат. Б. а-нун негизги тех. каражаттары – компьютерлер. Алар берилген чоӊдуктарды иштетүүнүн борборлоштурулган системасын түзүү, пландоо, статистика, эмгек акыны эсептөө, запастын эсебин алуу, жабдуу ишинин графиктерин түзүү ж-а жумушчу күчүн пайдалануу б-ча маалыматтарды иштетүү үчүн колдонулат. Процессти технол. жактан гана эмес, экон. жактан да оптималдуу жөндөө үчүн электрондук башкаруучу машиналар м-н бирге, түрдүү атайылаштырылган, мис., информацияларды белгилеп каттоочу, иштетүүчү, өзгөртүүчү, сактоочу, издөөчү ж. б. байланыш каражаттары колдонулат. Көптөгөн абоненттер м-н түздөн-түз байланыш каналдары аркылуу кошулган кубаттуу эсептөө борборлору түзүлгөн.