БАШКАРУУ СОЦИОЛОГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШКАРУУ СОЦИОЛОГИЯСЫ – социол. билимдин уюмдарда ж-а коомдо орун алган социалдык түзүлүштөргө ж-а процесстерге максаттуу таасир тийгизе турган мыйзам ченемдүүлүктөрдү, формаларды ж-а ыкмаларды изилдеген өзгөчө тармагы. Б. с-на Ф. Тейлордун ил. менежменти; Э. Мэйонун адамдардын мамилелеш теориясы; Ч. Барнарддын социалдык системалары; Ч. Перроунун социалдык ж. б. кризистик кырдаалдарды башкаруу д. у. с. концепциялар кирет. Б. с. – башкаруунун бири-бири м-н тыгыз байланышкан беш компонентин ар тараптуу изилдөөдөн турат: а) башкаруу мекемелеринин ишмердүүлүгүн, мамлекеттин, коомдун социалдык система катары иштөөсүнүн бардык комплексин: кадрларды тандоону, даярдоону, кайра даярдоону, башкаруу ишин аткаруусун, аппараттын кызматчыларынын ортосундагы мамилелердин түзүлүшүн, кызыкчылыктарынын калыптаныш өзгөчөлүгүн, бир нерсеге артыкчылык берүүсүн ж-а багытын изилдөө; б) максат коюуну (социалдык божомолдоо, долбоорлоштуруу, жөнгө салуу) ж-а максатка жетишүүнү камтуу м-н башкарылуучу аппаратка башкаруунун таасири; в) социалдык жактан өзүн өзү уюштуруу, топтордун ички себептеринин натыйжасында
пайда болгон процесстерди (коомдук пикир, салт, үрп-адат, социалдык нормалар, лидерчилик ж. б.), ар бир адамдын же топтун жүрүм-турумун, баалуулук багыттоочулуктарын, бири-бирине болгон мамилелерин жөнгө салуу; г) башкарылуучу системанын бүтүндүгүн же анын сапаттык параметрлерин сактоосун же жогорулатуусун, туруктуу өнүгүшүн, өз милдетин аткаруунун натыйжалуулугун көтөрүүнүн, чөйрөнүн (табияттык, социалдык) өзгөрүшүнө ыӊгайлашуусун камсыз кылуу; д) ички абалы м-н сырткы таасирлердин (мис., фирма чыгарган товарлардын сапаты м-н санына, рынок шартында алардын баасына кирген түзөтүүлөрдүн) натыйжасында өзгөрүлүп кеткен башкарылуучу системанын ишин оперативдүү тейлөөгө мүмкүнчүлүк берген талдоо ж-а көзөмөл. Б. с-на коомдун башка подсистемасынын (з-ддун, өндүрүш тармагынын ж. б.) социалдык критерийлерине, кызыкчылыгына, умтулушуна, үмүтүнө карата кабыл алынган чечимдер, алардын социалдык натыйжаларын изилдөө, башкарылуучу подсистемалардын ишин өнүктүрүү максатында аткаруучулардын мамилелери кирет.
А. Бакирова.