БАШ КЕЛТЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ КЕЛТЕ – адамдын катуу кармоочу жугуштуу оорусу. Аны риккетсиялар козгойт. Көбүнчө согуш, ачарчылык, жакырчылык, миграция ж. б. социалдык катастрофа учурунда санит. абалы начар жерлерде көп таралат. Аны оорулуу адамдан соо адамга бит жугузат. Адамдын бул ооруга каршы тубаса иммунитети жок. Оорулуунун канын соргон бит 5–7 күндөн кийин жугуштуу болуп калат. Бул убакта риккетсия биттин ичегисинде көбөйөт. Соо адамдын канын соргондо биттин ичегисиндеги риккетсиялар заӊы м-н сыртка чыгат. Киши кычышкан жерин тырмаганда теринин тытылган жерине түшкөн риккетсиялар канга өтүп, ооруну жугузат. Козгогуч организмге киргенден 10–14 күндөн – жашыруун (инкубациялык) мезгилинен кийин оорунун белгилери байкалат. Оору катуу кармайт. Дене темп-расы тез көтөрүлүп, 39–41°ка жетет. Баш абдан катуу, чыдатпай ооруйт. Ооз кургап, эрин кеберсийт, кээде жарылып кетет. Оорулуунун бети, моюну шишимек тартып, көкүрөгү ж-а көздөрү кызарат. Бут булчуӊдары ооругандыктан, бүт дене сыздайт. Тамыр тез-тез кагып, кан басымы бир аз төмөндөйт, аба жетпей, дем кыстыгат, көк боор чоӊоюп кетет. Оору башталгандан 4–5 күн өткөндө денеге кызамыкка окшогон, майда кызыл ар түрдүү тактар чыгат, көкүрөктө, андан кийин бүт денеде пайда болот. Оорулуунун абалы начарлап, эсинен танып, жөөлүйт, баш оорусу күчөйт, психикасы өзгөрөт. Оору 4–5 жумага созулат, оорулуу сакая баштаганда темп-расы 2–3 күндүн ичинде төмөндөйт. Дарылоодо антибиотиктер колдонулат. Ооруну алдын алууда битке каршы чаралар жүргүзүлүп, оорулуу м-н жолуккан кишилер 25 күнгө чейин текшерилет. Б. к. м-н ооруган же ага күнөм саналган адамды сөзсүз түрдө, дароо Б. к-ге каршы вакцина м-н эмдөө жүргүзүлөт.