БАШ КИЙИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ КИЙИМ – башка кийүүчү кийимдин жалпы аталышы. Ар бир жердин шартына, элдин салтына, жынысына, жаш өзгөчөлүгүнө жараша Б. к. сырткы түрү, жердиги ж. б. жагынан айырмаланат. Кыргыз элинин байыртадан: тебетей, тумак, малакай, топу, калпак, элечек, шөкүлө, жоолук сыяктуу Б. к-дери болгон. Б. к. жыл мезгилдеринин жылуу же суук убактарында кийип жүрүүгө ылайыкталып, айбанаттардын терисинен, кийизден, кездемеден атайын үлгүлөр б-ча бычылып, тигилген.