БАШКЫ ЖЕ СУУ БӨЛГҮЧ КЫРКА ТООСУ
БАШКЫ ЖЕ СУУ БӨЛГҮЧ КЫРКА ТООСУ Чоӊ Кавказ тоолоруна кирет. Батыш-түн.-батыштан чыгыш-түш.-чыгышка созулуп, түндүктү (Кубань, Терек) ж-а түштүктү (Кодори, Ингури, Риони, Кура ж. б.) карай аккан дарыялардын суу бөлгүчү. Эӊ бийик жери 5068 м (Шхара чокусу). Мөӊгүлөр бар, к. Кавказ.