БАШ-НУРА МӨӉГҮСҮ –
БАШ-НУРА МӨӉГҮСҮ – Чоӊ Алай кырка тоосунун эӊ чыгыш бөлүгүндөгү татаал-өрөөн тибиндеги мөӊгү. Чыгыш Кызыл-Суунун алабында жайгашкан. Уз. 13,8 км, аянты 54,2 км2, абляция обл-нун аянты 20,3 км2. Көлөмү 4,74 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 6340 м, этеги 3690 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Фирн облусу Чоӊ Алай кырка тоосунун Чыгыш Таӊы (6346 м) ж-а Эркеч-Там (5820 м) чокуларынын ортосундагы түн. капталды ээлейт. Этегинин эни 3 км. Мөӊгүдөн агып чыккан суу этек моренанын топтолушуна шарт түзбөйт. Азыр мөӊгү чегинүүдө. Андан Чоӊ Кызыл-Суунун оӊ куймасы – Нура суусу башат алат.