БАШТЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШТЫК – кездеме, таар, кийиз, булгаары ж. б-дан жасалган буюм. Б-тардын көпчүлүгү буюм, кийим, азык-түлүк салууга арналып, үч тарабы туюк, бир жагы (оозу) ачык жасалат. Б. жасалышына карата: сайма Б., бөз Б., бүйүрмө Б. (оозуна бүйүрмө боо өткөрүлгөн); чыт Б., баркыт Б., таар Б., кийиз Б., булгаары Б. ж. б.; керектелишине карай: кийим Б., чай Б., туз, Б., жем Б. ж. б. болуп бөлүнөт. Алар

көчүп конууда пайдаланганга өтө ыӊгайлуу болгон. Азыр азык-түлүк ж. б. буюмдарын ташуу үчүн синтетикалык материалдан жасалган ар кандай Б-тар кеӊири колдонулууда.