БАЯНДАМАЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯНДАМАЧЫ – коомдо болуп жаткан ар кыл саясий, экон., социалдык, маданий ж. б. процесстерди, окуялар м-н көрүнүштөрдү мезгилдүү маалымат каражаттарында чечмелеп, талдап, түшүндүрүп туруучу журналист, чыгармачыл кызматкер. Бул багытта иштеген адамдын өзүнүн тандап алган темасы болот. Баяндамада журналисттин билими, тажрыйбасы, жекече жөндөмдүүлүгү, устаттыгы, ээлеген орду ж-а көз карашы айкын көрүнөт. Ошондуктан журналист-Б. аудиториянын кызыгуусун пайда кылып, ага коомдук турмушта жүрүп жаткан окуялар, көрүнүштөр, өзгөчөлүктөр ж-дө ынанымдуу айтып берүүсү, алдыӊкы, жаӊы көзкараштарды жактап, инсандардын «өздүк стратегиясынын» өркүндөшүнө көмөк көрсөтүүсү, окуялардын маӊызын ачып, турмушта орун алган карама-каршылыктарды талдоосу; коомдогу маанилүү маселелердин практикалык жагынан чечилишине көмөк көрсөтүүсү – негизги талап. Ар бир Б. тийиштүү коомдук уюмдар, социалдык топтор, саясий партиялар ж. б. үчүн кызмат кылат, демек, анын өздүк орду аудиторияга түшүнүктүү болууга тийиш.