БАЯСТАН
БАЯСТАН – Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нундагы кыштак. Ак-Коргон айыл округуна караштуу. Райондун борбору Ала-Бука кыш-нан 19 км түш. тарапта Наманган темир жол бекетинен 62 км. 1845-ж. негизделген. Деӊиз деӊг. 1095 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4169 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, май чыгаруучу цех, чайкана бар.