БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович (21. 6. 1955-ж. т., Нарын обл., Жумгал р-ну, Миӊ-Куш шаарчасы) – композитор, КРдин эл арт. (1996), КРдин иск-вого эмг. сиӊ. ишмери (1990). Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. (1985), КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. (1998), Ч. Айтматов ийриминин, «Түгөлбай ата» коомунун, «Алтын көпүрө» (Казакстан) эл аралык сыйл. лауреаты. 1998-ж. Кырг-нда ачылган Улуттук консерваториянын туӊгуч ректору. 15 жашынан Респ. Адистештирилген муз. мектеп-интернатта окуп, труба, кларнет, фагот аспаптарында ойноону үйрөнгөн. Комп. М. Абдраевден сабак алган. Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тунда (1974–77), П. Чайковский атн. Москва мамл. консерваториясын (1977–82), аспирантураны (1984) ийгиликтүү аяктаган. 1983-ж. Москвада өткөн композиторлордун эл аралык конкурсунда симф. поэмасы үчүн башкы байгеге ээ болгон. Поэма 19-к-дын белгилүү орус сүрөтчүсү К. Брюлловдун «Помпейдин акыркы күнү» аттуу сүрөтүнө таасирленип жазылган. Чыгармалары Югославия, Польша, Чехословакия, Япония, Германия, Куба ж. б. өлкөлөрдө аткарылган. Б-дин кылдуу аспаптар үчүн квартети, «Карыяны эскерүү» фортепианолук сюитасы, «Манас» симфониясы, «Бала кез кайрыктары» сүрөттөмөсү, «Майрамдык увертюрасы», камералык оркестр үчүн «Ностальгиясы», скрипка ж-а фортепиано үчүн «Манас» сонатасы, жазуучу Ч. Айтматовдун демилгеси м-н ЮНЕСКО тарабынан өткөрүлгөн Эл аралык форумга арналган «Жаратуучунун гимни», «Сүйүү эмне?» аттуу үчилтиги ж. б. көптөгөн чыгармалары, ырлары анын таланттуулугун айгинелейт. «Каркыранын канаты», «Амидзима», «Жаӊыл Мырза», «Манастын уулу Семетей» ж. б. 50дөй спектаклге, 30дан ашуун даректүү ж-а көркөм фильмдерге музыка жазган. Алардын ичинен «Ак илбирстин тукуму» («Кожожаш»), «Бороондуу бекет», «Бетме-бет», «Саманчы жолу» ж. б. Германияда, Японияда, Сирияда, Индияда, Москвада өткөн фильмдердин эл аралык фестивалдарынын жеӊүүчүлөрүнөн болду. Б.– көптөгөн обондуу ырлардын автору. П. Чайковский атн. ж-а БУУнун алтын медалдарынын ээси. III даражадагы Манас ордени м-н сыйланган.