БЕДЕЛ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДЕЛ МӨӉГҮСҮ Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында. Ак-Шыйрак суусунун (Сары-Жаздын алабы) жогорку агымы, Боз-Жалпактын алабында жайгашкан. Уз. 4,3 км, аянты 5,0 км2. Өрөөндүн оӊ капталындагы бөлүгү эрип кеткендиктен, Б. м. өрөөн тибиндеги мөӊгүдөн жантайма тибиндеги мөӊгүгө айланган. Башы деӊиз деӊг. 4878 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Мөӊгүдөн Бедел суусу башталып, Боз-Жалпакка (Ак-Шыйрактын алабы) оӊ жактан куят.