БЕДИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДИЛЬ Мирза Абд аль-Кадир (1644, Патна, Бенгалия – 1721, Дели) – индиялык жазуучу. Перс тилинде жазган. Медреседе окуган. «Таӊ калыштуу тумар» (1669), «Тури маарифат» (1687–88), «Мистикалык аӊдоо» (1711–12), «Эпистолдор», «Кылдат ойлор» сыяктуу чыгармаларын жарыялаган. Б. – «сабки хинди» аттуу стилдин өкүлү. О. Азия, Афганстан ж-а Иран ад-тында Б-дин чыг-лыгы чоӊ роль ойногон.