БЕДНЫЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́ДНЫЙ Демьян [чыныгы аты-жөнү – Ефим Алексеевич Придворов; 1 (13. 4). 1883–25. 5. 1945] – орус акыны, коомдук ишмер. Б-дын алгачкы ырлары 1899-ж. «Киевское слово», «Звезда», «Правда» гезиттерине жарыяланган. 1909–10-ж. демокр. багыттагы ырларды жазган. 1913-ж. анын «Тамсилдер» аттуу алгачкы жыйнагы чыккан. «Жер, эрк, жумушчу үлүшү тууралуу» (1917), «Башкы көчө» (1922) поэмасында рев-яга аттанган элдин образын түзгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде «Мен элиме ишенем» аттуу ыр м-н повесть жазган. Анын айрым поэтикалык чыгармалары кыргыз тилине которулган. Ленин ж-а Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.