БЕЗГЕК
БЕЗГЕК – безгек чиркейинин митеси – плазмодия пайда кылуучу жугуштуу оору. Плазмодиялар оорулуунун канында жашайт. Аны француз врачы А. Лаверен ачкан (1880). Б. орулуу адамдан соо кишиге анофелес чиркейи аркылуу жугат. Чиркей оорулууну чагып, канын соргондо аны м-н кошо плазмодияларды сорот. Чиркейдин ичине кирген мите көбөйүп, соо кишини чакканда козгогучтар анын шилекейи м-н адамдын организмине кирет. Ал кан м-н боорго келип, андан кайра канга өтүп, эритроциттерди бузат, натыйжада кызыл кандын көлөмү азайып, анемия пайда болот. Б-ти ооруп айыккан киши да жуктуруусу мүмкүн, себеби козгогуч канда узакка чейин сакталат. Пристубунун узактыгы козгогучтун түрүнө жараша 6–36 с созулат. Оору капысынан катуу башталат, башы ооруп, чыйрыгып, калтырап титирейт, дене темп-расы 40–41°ка көтөрүлөт, кээде башы айланып кусат. Оору 3–4 жума созулат. Дарылоону ооруканада врач жүргүзөт. Б-тин алдын алуу үчүн чиркейдин көбөйүшүнө жол бербей, оорулууну эрте таап дарылоо, сазды кургатуу, безгек чиркейи кыштоочу жерлерге ДДТ, гексохлоран чачуу ж. б. чаралар жүргүзүлөт.