БЕЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЗДЕР – адам ж-а жаныбар организминдеги физиол. иштерге катышуучу биол. активдүү зат – гормондорду иштеп чыгуучу органдар. Өзүнүн иштеп чыккан гормонун өткөөлдөр аркылуу дененин сыртына же былжыр челге чыгаруучу Б-ди экзокрин же сырткы секреция Б., ал эми алар бөлүп чыгарган заттар секреттер деп аталат. Өткөөл түтүктөрү жок, иштеп чыгарган гормондорун канга же лимфага түздөн-түз берүүчү Б. эндокрин же ички секреция Б. деп аталат. Кээ бири кандагы зат а л м а ш у у н у н акыркы заттарын чогултуп, аларды сыртка чыгарат. Ошентип организмди уулануудан сактайт. Аларга бөйрөк, тер ж-а жаш Б. кирет, к. Ички секреция бездери.