БЕЗОАР ЭЧКИСИ
БЕЗОАР ЭЧКИСИ , с а к а л ч а н э ч к и (Capra aegagrus) – көӊдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Дене уз. 120–160 см, бийикт. 70–100 см, салм. 40 кгга жетет. Эркегинин мүйүзү кылыч сымал, узун, капталынан жалпак; ургаачысыныкы кыскараак. Жонунун ж-а капталынын жүнү жайында саргыч-күрөӊ, кышында боз-күрөӊ, жонунда узунунан кеткен кочкул тагы бар. Жаагы, буту, сакалы (калыӊ ж-а узун) ж-а куйругу кара. Б. э-нин карынында же ичегисинде чанда катуу орг. таш сымал нерсе (безоар) болот (аты ошондон). Эгей деӊизинин аралдарында, Кичи Азиядан Афганстанга, Түн.-Батыш Индияга чейин, Россияда Дагстанда 4200 м бийиктикке чейин кезигет. Чөп, бадал жалбырагы ж-а өркүндөрү м-н азыктанат. Жетиден топтошуп, бир жерде туруктуу жашашат, кышкысын тоо этектерине ылдыйлап түшүшөт. Чанда, күзүндө чоӊ үйүргө (40 башка чейин) чогулушат. Ноябрь-декабрда кууттан чыгып, жазында 1–2 улак тууйт. Бакма эчкинин теги болушу мүмкүн. Аӊчылыктан улам саны азайып кеткен. Бул түр ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.