«БОЗЖИГИТ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БОЗЖИГИТ» – лирикалык поэма. Чыгыш эпикалык поэзиясынан алынган. Ашыктык, баатырдык, турмуштук, диний сыпаттагы чыгыштын дастандары О. Азия элдерине дастан, кысса, хикая деген ат м-н тараган. Булар негизинен 19-кдын акыры – 20-к-дын башында Уфа, Казань, Оренбург ш-нда басылып чыккан. «Б.» араб, фарсы ж-а О. Азиядагы түрк элдеринин тилинде жарык көргөн. Китептин саны аз болгондуктан, алгач кат тааныган сабаттуу адамдар окуп, алар аркылуу оозеки түрдө жашай баштаган. Акындар, чыгармачыл айтуучулар бул сюжеттерди өздөрүнүн алымча, кошумчалары м-н ырдап, эл арасына жайылткан. Ошентип, варианттары пайда болгон. «Б.» поэмасы кыргыздар арасына 1911-ж. Казандан араб, фарсы тилдеринде басылып чыккан нуска б-ча тараган. Поэмада анын негизги каармандары Бозжигит м-н Сайыпжамалдын ортосундагы улуу махабат баяндалат. Эки ашык бири-бирине жетпей, окуя трагедия м-н аяктайт. «Б.» поэмасынын эки нускасы КР УИАнын Кол жазмалар фондунда сакталып турат.
Г. Орозова.