БАНДАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́НДАЖ (фр. bandage – байлоо) м е д и ц и н а д а – чуркуну жабуу, булчуӊдарды чоюлуудан сактоо ж-а ички органдарды керектүү абалда кармоо максатында колдонулуучу таӊгыч. Пайдаланышына жараша дарылоочу ж-а алдын алуучу болуп бөлүнөт. Алдын алуучу Б-ды кош бойлуу ж-а төрөгөн (курсак булчуӊу начар) аялдар киет, о. эле операциядан кийин (курсак чуркусун алдын алуу үчүн) пайдаланылат. Төрөткө чейинки Б. баланын өсүшүнө жараша кеӊейтүүгө ылайыкталып жасалат. Аны эртеӊ м-н төшөктөн турарда кийүү керек. Төрөгөн аял Б-ды врачтын кеӊеши м-н үч айга чейин кийүүсү зарыл, себеби курсак булчуӊунун жыйрылышы үч айга созулат. Дарылоочу Б. врачтын кеӊеши м-н курсак органдарынын (карын, ичеги, бөйрөк) салаӊдап кетишине каршы колдонулат. Чурку оорусунда колдонулуучу Б. ар кандай себептер м-н операция жасоого мүмкүн эмес чуркуда, белгилүү мөөнөткө гана кийилет.