БАНДУРА
БАНДУ́РА – украиндердин кылдуу чертме муз. аспабы. Мурда 12–25, кийин 40–50 кыл тартылат. Плектр м-н ойнолот. Диапазону кылдын санына жараша болот. 16–17-к-дарда Украинага кеӊири тараган. Элдик профессионал музыканттар Б-нын коштоосунда дума айтышат, ыр ырдашат, күү чертишет. Украинада бандурачылардын мамл. капелласы, профессионалдык ж-а өздүк көркөм чыг-лык ансамблдер, оркестрлер уюштурулган. Б-нын өркүндөтүлгөн түрлөрү (прима Б., альт Б., бас Б., контрабас Б.) оркестрлерде ойнолот.
