БАНК КРЕДИТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНК КРЕДИТИ банк тарабынан өзүнүн же тартылган акча каражаттарынын белгилүү бир үлүшүн убактылуу пайдаланууга берилиши. Материалдык баалуулуктарды күрөөгө коюу м-н же күрөөгө коюусуз деле, о. эле ссуда, векселдерди
эсептөө, баалуу кагаздарды банктын сатып алуусу түрүндө берилет. Ссудалар мөөнөтү б-ча (узак мөөнөттүү ж-а кыска мөөнөттүү), тармактык структурасы б-ча (өнөржай, а. ч., транспорт ж. б. ишканаларына ссуда), максаттуу багытта (товар-материалдык баалуулуктарга, эсеп документтерине, айланма каражаттарды толтурууга) болуп бөлүнөт. Азыр кредиттин форфейтинг, факторинг ж. б. түрлөрү кеӊири тараган.