БАНЬ ГУ
БАНЬ ГУ, Б а н М э н Ц з я н ь (б. з. 32, Кытай, Фуфэн (азыркы Сяньян), Хан империясы – 92, Лоян) – байыркы кытай тарыхчысы. Кытайдын эзелки жыл баяны – «Цянь Хань Шу» («Эрте Хань династиясынын тарыхы») эмгегинин авторлорунун бири. Бул тарыхты атасы Бань Бяо баштап, бүтпөй калган. Б. Г. 52–82-ж. атасынан калган бул эмгекти андан ары уланткан, бирок ал дагы аягына чыга алган эмес. Жыл баянды Б. Г-нун карындашы Бань Чжао аяктаган. Б. Г. тарыхый чыгармалардын жаӊы жанры – бир династиянын бийлик жүргүзүү тарыхынын жазуу үлгүсүн баштап кеткен. Кытай м-н О. Азиянын б. з. ч. 206 – б. з. 9-ж. тарыхы баяндалган бул тарыхый чыгармадагы «Батыш өлкөлөр тууралуу аӊгеме» («Сиюй чжуань») аттуу бөлүгүндө каӊгүй, усун, хунндар ж-дө баалуу маалыматтар бар. Андагы маалыматтар б-ча б. з. ч. 1-к-да түн. хунндардын бийлик башчысы Чжичжи шанүй аскерлерин батышка (б. з. ч. 48-ж.), оболу усундарды, андан соӊ уцзуларды моюн сундурган. Шанүйдүн батышка жөнөткөн аскерлерине цзяньгундар (кыргыздар), динлиндер моюн сунууга аргасыз болушкан. Чжичжи шанүй багындырган үч ээлик (Уцзу, Цзяньгун, Динлин) ж-а ага баш ийген кыргыздар (цзяньгундар) Чжидеги (Турпан аймагы) батыш тарапта байырлашары ж-дө маалыматтар берилет. Хунндардын бийлиги начарлаган мезгилде кыргыздар өз мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыбына келтире алышкан. Кытай жыл баяндарында кыргыз (цзяньгун), динлин, уцзулар жашаган аймактар «үч падышачылык» деп аталганы маалым. Б. з. ч. 56-ж. саясий көз карандысыздыкка жетишкен кыргыздар Чыгыш Теӊир-Тоону ыктай жашаган. Б. Г. кытай императору Миндин тапшырмасы б-ча бул эмгектен тышкары да бир нече тарыхый эмгектерди жазган. Ал 92-ж. аскер башчы Доу Сяндын жакын жардамчыларынын бири ж-а аскердик кеӊештин мүчөсү катары хунндарга каршы согушка катышкан. Согуш ийгиликсиз аяктагандыгына байланыштуу күнөөлүү деп саналгандарга Б. Г. да кошулуп, түрмөгө түшкөн ж-а ошол жерден дүйнөдөн кайткан.
О. Каратаев.