БАПАКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАПАКОВ Жолаалы (1890, Чүй обл., Кемин р-ну, Карал-Дөбө айылы – 1918, Бишкек) – Совет бийлиги үчүн жигердүү күрөшүүчүлөрдөн. 1914-ж. Токмоктогу орус-жерг. мектебин бүтүрүп, Верный (Алматы) гимназиясынын даярдоо курсуна кирген. 1916-ж. Үркүндө Турпанга барып, кайра келген. 1917-ж. Пишпекте уюшулган «Букара» союзуна мүчө болгон. Пишпекте Совет бийлигин орнотууга катышкан. Пишпек солдат ж-а жумушчу депутаттарынын уезддик Советинин 1-съездинде Советтин секретарлыгына шайланган. 1918-ж. коммунисттик баштапкы уюмдарды түзүүгө катышкан. 1918-ж. декабрда эсерлер колдуу болуп өлгөн.