БАРАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРАК – Кыргыз Респ-нын Өзбекстандын аймагындагы анклавы, кыштак. Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы Ак-Таш айыл округуна караштуу. Мамлекеттик чек арадан (Ак-Таш айыл округунун чегинен) 10 км түн. тарапта, деӊиз деӊг. 600 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу ш-нан 14 км. СССРдин учурундагы эки республиканын чарбалык мамилелеринин негизинде пайда болгон. Калкы 629дан ашык (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Аянты 220 га, анын 48 гасын кыштак, 178 гасын сугат жерлер ээлейт. Мектеп, мед. пункт, клуб, почта, соода түйүндөрү бар.