БАРИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́РИЙ (лат. Barium, гр. barys – оор), Ва – элементтердин мезгилдик системасынын II тобундагы хим. элемент. Катар. н. 56, ат. м. 137,34, күмүш түстүү жумшак, ак металл, б. эрүү t 710°С; кайноо t 1640°С. Бирикмелеринде 2 валенттүү. Табиятта массасы 130, 132, 134–138 болгон туруктуу жети изотобу бар. Аны швед окумуштуусу К. Шееле биринчи жолу (1774) Б. (ВаО) түрүндө тапкан. Металл түрүндөгү Б-ди англ. химик Х. Дэви Ва(ОН)2ни электролиздөө м-н алган (1808). Щелочтуу жер металлдарга кирет, хим. касиети кальций, стронцийге окшош. Активдүү металл, абада тез кычкылданып, жука кабыкчаны пайда кылат. Суу м-н реакцияга кирип Ва(ОН)2ге айланат; галогендер м-н галогениддерди, күкүрт м-н сульфидди ВаS, суутек м-н гидридди ВаН2 пайда кылат. Өнөр жайда ВаОну алюминий күкүмү м-н калыбына келтирүүдөн металл түрүндөгү Б. алынат: 4ВаО + 2Аl= 3Ba + BaO. Al2O3. Б. ж-а анын Mg, Al м-н куймалары вакуум техникада, металлургияда, Pb м-н куймасы типографиялык шрифттерди даярдоодо, пероксиди жибек ж-а өсүмдүк булаларын агартуу, сульфиди BaS тери жыдытуу үчүн колдонулат. Барий оксиди (ВаО) кычкылтек м-н бирикмеси, сууда эрип, гидроксидин [Ва(ОН)2] пайда кылат. Ал кристаллгидрат Ва(ОН)2. 8Н2О түрүндө кездешет. Суудагы эритмеси күчтүү жегичтик касиетке ээ, абадан СО2ни сиӊирип алып, эрибей турган Б. карбонатын (ВаСО3) пайда кылат. Ал айнек өнөр жайында ж-а эмаль, боёк алууда колдонулат. BaSO4 – күкүрт к-тасынын Б. тузу, түссүз кристалл, сууда эрибейт, табиятта Б. минералы түрүндө кездешет. Ал –Б. ж-а анын бирикмелерин алууда негизги сырьё; рентген нурун жакшы өткөргөндүктөн, ичеги-карынды рентгендик изилдөөдө колдонулат.