БАРИОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРИОНДОР (гр. barys – оор) – жарым спиндүү ж-а массасы протондукунан кичине эмес «оор» элементардык бөлүкчөлөр тобу. Аларга протон, нейтрон, гиперон, резонанс бөлүкчөлөрүнүн тобу ж. б. кирет. Алардын эӊ жеӊили – протон, нейтрондон 1886 эсе оор болгондуктан, Б. деп аталат. Алардын эӊ туруктуусу протон, калгандары туруксуз ж-а алар бара-бара ажырап, протонго же жеӊил бөлүкчөгө айланат. Б. күчтүү, электр-магниттик, алсыз ж-а гравитациялык аракеттешүүгө катышат.