БАРИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРИ́Т , о о р ш п а т – сульфаттар классына кирүүчү минерал. Хим. формуласы BaSO4. Ромб сингониясында кристаллданат. Өӊү ак, боз, көгүлтүр, кызгылт, ачык кызыл, кээде түссүз, айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3–3,5. С. салм. 4,5. Гидротермдик кендерде кварц, флюорит ж. б. м-н бирге өз алдынча тарамдар, ал эми чөкмө тоо тектерде цемент, конкрециялар түрүндө кездешет. Кагаз, резина, булгаары, оптика, кант өнөр жайында ж-а жогорку сорттуу ак боёк даярдоодо, медицинада колдонулуучу барий туздарын алууда, о. эле бургулоо иштеринде пайдаланылат.