БАРОККО
БАРО́ККО (итал. barocco, сөзмө-сөз – укмуштуу кооз) – 17-к-да ж-а 18-к-дын биринчи жарымында бир катар Европа өлкөлөрүнүн көркөм өнөрүндө, негизинен Италияда (16-к-дын экинчи жарымынан баштап өнүккөн), Испанияда, Фландрияда (өзгөчө реалисттик вариантта), Германияда, Францияда ж. б. өнүгө баштаган стилдик багыт.

1701. Лувр (Париж).
Б-нун негизги социалдык пайдубалы – дворяндык абсолютизм заманы. Ошол доордогу мамилелердин курчушу ж-а татаалдыгы көп карама-каршылыктарды туудурган ж-а ал өз учурунда Б. көркөм өнөрүнө чоӊ таасир эткен, патетикага, шаӊдуулукка, драматизмге умтулган. Ошону м-н бирге готиканын кээ бир тенденцияларына ооп, Кайра жаралуунун гуманисттик идеалдарына ындыны өчкөн мамилеси байкалган. Акыркысы ошол контрреформация доорунда чоӊ роль ойногон католик чиркөөсүнүн тийгизген таасири м-н түшүндүрүлөт. Б. стили айрыкча арх-рада даана байкалат; аны м-н арх-ралык мейкиндик ж-а масса тууралуу жаӊы түшүнүк тыгыз байланышкан: мурунку көлөмдөрдүн түнт, так чектөөлөрүн арх-ралык массалардын динамикалык курулуштары, бир көлөмдүн экинчи бир көлөмгө өтүшү, бай жасалгалоо алмаштырды (ага Ф. Борромини, Л. Бернини, Карло Мадернанын курулуштары мүнөздүү). Б. Стилинин мүнөздүү көрүнүштөрү жасалга живописинде, анын тынчы жок, татаал, ашыкча кооздолгон композицияларында (мис., чексиз мейкиндик иллюзиясын түзгөн плафондорду саймалоо) байкалат. Ушул эле көрүнүш жасалга бедизчилигинде ж-а жогорку экзальтацияда аткарылган чиркөө бедизчилигинде да бар. Б. стилинин типтүү ж-а мыкты устаты арх. ж-а бедизчи Л. Бернини, жасалга живописинин устаттары Пьетро да Картона, А. Поццо ж. б. болгон. Ал эми станок живописинде Б. стилинин тенденциялары айлана-чөйрөнү чагылдыруудагы реалисттик принциптерге ылайык азыраак байкалат (мис., Рубенсте, Тьеполодо ж. б.). Бир топ сүрөтчүлөрдүн (мис., бир тууган Каррачилер ж-а алардын сүрөт мектептери) чыгармаларында Б. көп учурда академизм м-н алмашып кеткен. Б. 17-к-дагы бардык нерселерди камтыган стиль эмес, ошол доордун көп багыттарынын бири гана болгон.
