БАСКАКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСКА́КОВ Николай Александрович (22. 3. 1905 – 26. 8. 1996, Москва) – түрколог, этнограф, филология илимд. доктору, проф. (1950). РФ, Казакстан, Түркмөнстан, Каракалпакстан ж. б. өлкөлөрдүн илимд. эмг. сиӊ. ишмер, Түрк тил курумунун (Анкара) ж-а Урал-Алтай коомунун ардактуу мүчөсү. Москва ун-тин бүтүргөн (1930). Түрк тилдеринин фонетикасын, морфологиясын, синтаксисин, лексикасын, тарыхын, байыркы эстеликтерин изилдөөгө арналган 300дөн ашуун фундаменталдуу эмгектери бар. «Ногой тили жана диалектилери», «Каракалпак тили», «Алтай тили», «Түрк тилдери» «Түркологияга киришүү» сыяктуу эмгектери кеӊири белгилүү. Казак, каракалпак, ногой, алтай, хакас ж. б. түрк тилдери б-ча окуу китептери бар, карайым тилинин ж-а славян тилдериндеги түркизмдер сөздүктөрүн түзгөн.
Ад.: Юлдашев А. А., Тенишев Э. Р. Николай Александрович Баскаков. (К 65-летию со дня рождения) // «Советская тюркология». 1970. ¹ 1.