БАСКУНЧАК –

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСКУНЧАК – Каспий бою ойдуӊунун түндүгүндөгү тузу чөкмө, туюк көл. Астрахань обл-нда, Волга д-нан 50 км чыгышта, Чоӊ Богда тоосуна жакын жайгашкан. Аянты 106 км2. Деӊиз деӊг. 21 м төмөн жатат. Уз. 20 км туурасы (макс.) 10 км. Чоӊ ж-а Кичи Богдо тоолорунун этегиндеги туздуу булактардан ж-а жаан-чачындан куралат. Кайнатма туз казып алынат.