БАСКЫЧТОП
БАСКЫЧТОП, к л а в и а т у р а (Keyboard) – тамгаларды терүү м-н берилиштерди компьютерге киргизүүчү жабдык. Б. жеке компьютерге же терминал сыяктуу экраны бар түзүлмөгө туташтырылат. Б-тон терилип киргизилген маалыматтар экрандан чагылдырылат. Б. Тактасындагы алфавит баскычтары жазма машинканыкындай тартипте жайгашкан, мында цифралык баскычтар тобу Б. тактасынын жогорку тилкесиндеги катардын бир бөлүгүндө, андан тышкары оӊ жагына топтолуп, калькулятордукундай жайгашканы санды тез терүүгө мүмкүндүк берет. Б. тактасында жылгычты (курсорду) же кыстаруу орунду көрсөтүүчү жебе баскычтары да орун алган. Жебе баскычтарынын бири басылса кыстаруу орду бир орунга жебенин багыты б-ча жылат. О. эле, Б. тактасы кыстаруу орунду саптын же документтин башына жылдыруучу HOME, аягына жылдыруучу END сыяктуу көптөгөн баскычтарды камтыйт. Компьютердин Б. тактасындагы көпчүлүк баскычтары тексттерди өзгөртүү же оӊдоо аракеттеринде колдонулат, мис., текстке жаӊы символдорду кыстарууда же алып салууда (өчүрүүдө) INSERT, DELETE, BACKSPACE сыяктуу баскычтары пайдаланылат. CAPS LOCK баскычы баш ж-а кичине тамгалар режимдерин бири бирине которот. NUM LOCK оӊ жактагы сандык баскычтар тобунун сандык режимин орнотот же өчүрөт. Эгер сандык режим орнотулса, анда алар сандарды терүүдө, ал эми режим алып салынса, ошол эле баскычтар баскычта көрсөтүлгөн аракеттерди аткартууда колдонулат. Б. тактасынын жогору жагында орун алган функциялык баскычтар кандайдыр бир аракетти аткартуу үчүн программаланган. Функциялык баскычтар F тамгасы ж-а сан м-н белгиленет, мис., F1 баскычын басуу үчүн F тамгасын ж-а 1 санын баспастан, F1 функциялык баскычын басуу керек. Демейде колдонуучуга жардам берүүчү сурап билүү тексттерин экранга чыгаруу аракетин F1 баскычына бекитишет. Бул баскычтарды колдонуу м-н убакыт үнөмдөлөт, себеби Б. Тактасынан буйрукту терип отурбастан функциялык баскычты басып коюу м-н буйрук аткарылат. Б. тактасынын жогорку оӊ бурчунда сандык баскычтар тобун, баш тамгаларды, жылдыргыч тилкелердин тосмолонгонун (блокировкаланганын) көрсөткөн жарыктар жайгашкан. ESCAPE (ESC) баскычы буйруктун аткарылышын токтотот же орундан чыгууну уюштурат. ESC баскычынын милдети программалардын ар бир пакетинде өзгөрүлүп турат.
А. С. Өмүралиев.