«БУКАРА» СОЮЗУ
«БУКАРА» СОЮЗУ – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей жана орто дыйкандарын бириктерген демократиялык уюму. Имаш Көбөков менен Бакретдин Саипбаевдин демилгеси боюнча 1917-жылы май айында түзүлгөн. «Букара» союзунун программасы элдин таламын коргоону, кыргыз элинин революциячыл аӊ-сезимин көтөрүүнү, демократиялык негизде жана мыйзамдуулукка таянып, кыргыз коомчулугунун турмушун жөнгө салууну белгилеген. Союздун уюштуруу съезди 1917-жылы 9–10-сентябрда Пишпекте өтүп, анын башкармасынын төрагалыгына Казан университетинин юридикалык факультетинин студенти Кожомурат Сарыкулаков, орун басарлыгына И. Көбөков, Б. Саипбаев жана А. Барменов шайланган. Союздун алдында кооперациялык керек-жарак коому түзүлүп, ага 7159 адам мүчө болуп кирген. 1918-жылы ноябрда анын мүчөлөрүнүн саны 5 миӊге жетип, Түркстандагы эӊ ири коом болгон. «Букара» союзу большевиктердин жетекчилиги астында Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда жана чыӊдоодо зор роль ойногон. Ал 1918-жылы май айында «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп кайрадан түзүлгөн.