БАСКЫЯ КӨРҮСТӨНДӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСКЫЯ КӨРҮСТӨНДӨРҮ – Нарын обл-нун аймагындагы б. з. ч. 6–1 миӊ жылдык – б. з. 5–6-к-на таандык археол. эстелик. Археологияда алар шарттуу түрдө экиге бөлүнөт: б. з. ч. 1-миӊ жылдыкка таандык Б а с к ы я I байыркы көрүстөнү Жерге-Тал айылынан 7 км түштүгүрөөк жерде, Баскыя өрөөнүндө жайгашкан. Ал 23 дөбө-коргондон турат. Бийикт. 0,20–0,70 м, диаметри 7–13 м. Дөбө-Коргондун үстүнө таштар коюлган, айрымдары таштар м-н тегерете корумдалган. Көрүстөндөр сүйрүрөөк келип, алардын уз. 1,9–2,3 м, жазылыгы 0,40–1 м, тереӊдиги 0,40–1 м. Көрүстөндө адамдар жалгыз, чалкасынан жаткырылып, башы кыбыланы каратып коюлган. Чопо идиштер, колодон жасалган кооздук буюмдар, темирден жасалган эмгек куралдары, бычак ж. б. табылган. Б а с к ы я II байыркы көрүстөнү Жерге-Тал суусунун жээгинде жайгашкан. Бул жерде болжол м-н 40тай дөбө-коргон бар. Түндүктөн түштүктү карай 400 мге созулуп, таш-дөбө ж-а таш-мүрзөлөрдөн турат. Диаметри 7ден 15мге чейин, бийикт. 0,2–2 м. Көрүстөндө адамдар жалгыз, айрым убакта топ-топ болуп, казанактуу ж-а жарма көрлөргө кыбыланы каратып коюлган. Ал жерден курал-жарактар, кооздук буюмдар ж. б. табылган. Көрүстөндөрдү 1981–83-ж. К. И. Ташбаева изилдеген.