БАСМА ТАБАК
БАСМА ТАБАК – басылыштын (мис., китеп, гезит-журнал) анык көлөмүн эсептөө бирдиги; 60х90 см форматтагы кагаз барагынын бир бетиндеги көлөм. Басылмалардагы көлөмдүк өлчөм автордук, эсептик (кара сөз м-н жазылган 40 000 басма белги, ырдын 700 сабы, графикалык материалдардын 3000 см2 көлөмү автордук же эсептик Б. т. болот), шарттуу (басылманы пландоо ж-а эсептөөдө 60х90 см формат б-ча эсептелет) Б. болуп бөлүнөт.